11 жаштагы Таня Савичева, Ленинград блокадасы, азап. Тарыхый видео

Курчоодо калган Ленинград шаарынын кичинекей жашоочусу, 11 жаштагы Таня Савичева 1942-жылдын 13-майында фашисттердин жүрөк үшүткөн азаптарын күндөлүгүнө акыркы ирет жазган. Бул Улуу Ата Мекендик согуштун кичинекейлер үчүн апаат тартуулагандыгынын дагы бир айкын далили.
Sputnik
Ачарчылык менен суук тузагына илген кичинекей кыз ошол от күйгөн кыйын күндөрдүн картинасын таасын тартып берип кеткен.
Кыз жакындарынын биринин артынан бири кантип көз жумганын жазып отурган:
"Чоң энем 1942-жылы 25-январда саат үчтө өлдү";
"Вася байкем 13-апрелде түнкү экиде өлдү. 1942-жыл.";
"Апам 13-майда саат 7ден 30 минута өткөндө. 1942-жыл.";
"Баары өлүштү";
"Жалгыз эле Таня калды".
Маалымат үчүн. Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Ал эми Ленинград блокадасына келсек, адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болду. Ар кыл маалыматтар боюнча, апааттагы курмандыктардын саны 400 000-1 500 000 кишиге чейин деп айтылып келет. Курчоо 872 күнгө, тагыраагы, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин уланган.