Пресс-борбор

Кыргызстан ири өлкөлөр менен канткенде тең ата сүйлөшө алары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Сейрек кездешүүчү металлдар Кыргызстанга ири мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн "Соода согуштарынын шартында ЕАЭБдин өнүгүшү" деген аталыштагы видеокөпүрө учурунда экономист Нургүл Акимова билдирди.
Ал сейрек кездешүүчү металлга Кыргызстан эле эмес, ЕАЭБдин бардык мамлекеттери бай экенине токтолгон. Акимованын айтымында, мындай жагдай бири-бирине карата айрым чектөөлөрдү колдонгон мамлекеттерге конструктивдүү диалог курууга жол ачат.
Экономист Нургүл Акимова
"Мисалы, эгер жогорку технологиялык продукциянын өндүрүшчүсү болгон АКШ SWIFT системасын жаба турган болсо, биз ошол продукция даярдала турган литий сатууну токтотуп кое алабыз", — деди экономист.
Адис жалпы жонунан Борбор Азия региону биринчи кезекте металлга бай аймак катары континенттин баарына кызык экенин белгилеген.
Пресс-борбор
ЕАЭБ көп мамлекет үчүн ишенимдүү өнөктөшкө айланууда. Эксперттин пикири