Бишкекте интернет-кабель үзүлүп, бир катар кызматтар үзгүлтүккө учурады

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекте интернет-кабель үзүлүп, бир катар кызматтар үзгүлтүккө учурады.
Буга байланыштуу айрым мекемелер менен ведомстволордо тейлөө токтогон. Маселен, "Унаа" менен Бишкек шаардык транспорт ишканаларынын иши убактылуу токтогонун билдирди. Ал эми Патрулдук милиция менен Калкты тейлөө борборлорунда санариптик кызматтар иштебей калганы тастыкталды.
Соцтармактарда муну Чүй менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш иштери менен байланыштырышууда. Ал жерде жер алдынан өтмөк салуу үчүн жол казылып жатат.
Азырынча мүчүлүштүк качан жоюлары белгисиз. Окурмандар арасында айрым банктык кызматтар жана дүкөндөрдөгү төлөм аппараттары иштебей жатканын жазышууда.
Ал эми мэриядагылар кабель үзүлбөгөнүн, учурда "Кыргызтелеком" компаниясы оптикалык кабелдерди жер астына өткөрүп жатканын кабарлоодо. "Кыргызтелеком" бул боюнча маалымат бере элек.
Эске салсак, мэрия Бишкекте кабелдерди жердин асты менен тартууну пландап, "Таза асман — 2030" концепциясын иштеп чыккан. Кабелдерди жер астына жайгаштыруу "Кыргызтелеком" ишканасы, интернет-провайдерлер жана уюлдук байланыш операторлору менен макулдашылганы айтылган.
Кыргызстанда фейк маалыматтарды тараткандарды дагы жазалоо каралууда