Президенттин "Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын негизинде Кыргыз авиациялык институтуна өзгөчө статус берилди. Бул тууралуу Улан Курманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө статус окуу жайга академиялык, финансылык, башкаруу жаатында эркиндик берип, заманбап авиациялык билим берүүгө ылайыкталган программаларды иштеп чыгууга шарт түзөт.
"Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту 50 жылдан ашуун убактан бери жарандык авиацияга кесипкөй адистерди даярдап келет. Алгач орто кесиптик окуу жай катары ачылып, эгемендүүлүктү алган жылы колледж болуп өзгөргөн. Ал эми 2018-жылдан баштап жогорку окуу жайга айланды. Эми минтип президенттин "Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын негизинде окуу жайга өзгөчө статус берилди. Өзгөчө статус окуу жайга академиялык, финансылык, башкаруу жаатында эркиндик берип, заманбап авиациялык билим берүүгө ылайыкталган программаларды иштеп чыгууга шарт түзөт. Эми сырттан тажрыйбалуу адистерди чакырып, илимий изилдөөгө көңүл буруп, инфратүзүмдү жакшыртууга бел байлап жатабыз", — деди Курманов.
Ошондой эле ал институт Россиянын, Кытайдын, Түркиянын окуу жайлары менен кызматташып, тажрыйба алмашуу, инвестиция, жаңы технологиялар боюнча да иш алып барарын кошумчалады.