Министрлер кабинети "Кыргыз мунай" ишканасын түздү. Милдети

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өлкөдө "Кыргыз мунай компаниясы" ишканасы түзүлдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 12-майда кол койгон.
Маалыматка ылайык, ишкана өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздай турганы күтүлүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине караштуу компаниянын уставы бекитилип, Юстиция министрлигинде каттала турганы белгиленген.
Чечимдердин ишке ашырылышын көзөмөлдөө президенттик администрацияга жүктөлдү.
Виртуалдык активдер менен блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлдү