БИШКЕК, 13-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү көптөгөн мамлекеттер үчүн туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшкө айланып бара жатат. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер боюнча илим-изилдөө институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеокөпүрө учурунда билдирди.
Талкуу "ЕАЭБ глобалдуу соода согуштарынын шартында: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" деген теманын алдында өткөн.
Притчиндин айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин башкы артыкчылыгы — анын түшүнүктүү тариф саясатында.
"Өндүрүшчүлөр товарынын бөлүгүн кооптонбостон ЕЭАБ рыногуна жөнөтүп, инвестиция сала алат. Мындай шартта биз азыркы таптагы олку-солкулукту жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай жол катары кабыл алсак болот. Ишенимдүү өнөктөштөрүбүз жана оюндун бекем эрежелери бар. Биз эреже-шартты мыктап сактайбыз", — деген Притчин.