Ал 1907-жылдын 23-ноябрында Пишпек шаарында (азыркы Бишкек — ред.) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1943-жылдын 5-июлунда Курск догоосундагы салгылаш башталган. Согуш учурунда немецтик бөлүктөр 4-батареянын позицияларына кирип жана аларды курчап да алган. Айланта коргонуу уюштурган сержант Вонахун душмандарга карай ок жаадырып, кыркка жакынын кырган. Огу түгөнүп, бригадасындагылар да курман болот. Вонахун фашисттерди жакындатып, андан соң 120 миллиметрлик минаны колдонуп, куралы менен 10го чукул душманды жана өзүн кошо жардырат.
“Туяк” программасында Манзус Ванахундун согуштагы баатырдыгын эскердик.