Өспүрүм куракта бала балалыгы менен коштошуп, чоңдор менен мамиле түзгөнгө үйрөнөт. Бул курак ар бир адамдын жашоосундагы татаал мезгил болуп саналат. Балдар орой мамиле жасашат, ата-энеси менен айтышат, аларды сындашат. Мындан тышкары жыныстык өнүүгүсү болуп, жүрүм-туруму өзгөрөт. Ошондуктан бул учурда баланы түшүнүп, ан менен сүйлөшүү маанилүү. Бирок, буйрук берүү менен эмес.
Тескерисинче, бала менен дос болуу керек. Өспүрүм куракта жардам керек экенин кантип билсек болот? Көйгөйлөрү тууралуу кантип туура сурайбыз? Сүйлөшүү учурунда бала ачык болуу үчун эмне кылышыбыз керек?
Өспүрүмдөрдүн жашоосуна качан аралашып баштоо керектигин "Көз мончок" берүүсүнөн уга аласыздар.