Балдар рагынын биринчи белгилерин аныктоого аймактардагы педиатрлар окутулат

Sputnik
Кыргызстанда балдар онкологиясы да көп аныкталууда. Анын бир себеби балдар онкологиясы бөлүмүн Эне жана баланы коргоо борборуна көчүрүп, локациясын алмаштырганына байланыштырсак да болот. Анткени башка оору менен келген бейтаптар жеринде ушул жаман дартты аныктап калган учурлар болот. Ошондой өлкөдө 12 гана балдар онкологу бар. Учурда атайын долбоордун негизинде аймактарды кыдырып педиатрларды балдардагы рактын алгачкы белгилерин аныктоого окутуп келишет. Бул ооруну эрте аныктоого, туура диагноз коюуга жардам берет.
Ошондой эле дүйно боюнча рактын ак кан оорусу балдар арасында эң көп кездешерин “Ачык кеп” программасынын журүшүндө Султан Стамбеков билдирди.