Өлкө шартында айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген организмдерге курт-кумурскалар, өсүмдүк оорулары жана отоо чөптөр кирет. Республика боюнча 60тан ашык кооптуу курт-кумурскалар, 50гө жакын өсүмдүк оорусу жана 300дөн ашык отоо чөп түрлөрү аныкталган. Зыянкечтер өлкөнүн бардык аймактарында кездешет. Алардын түрү өзгөчө айыл чарба тармагы жакшы өнүккөн Чүй, Ош жана Баткен облустарында көп. Азыркы учурда зыянкечтерге каршы күрөшүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик бюджеттен чегирткелер жана америкалык ак көпөлөктөр сыяктуу эң коркунучтуу курт-кумурскаларга каршы күрөшүү үчүн каражат бөлүнөт. Зыянкечтерди жок кылууда химиялык жана биологиялык ыкмалар колдонулат. Өлкөнүн айыл чарба продукциясы негизинен Россия жана Казакстанга экспорттолот.
Ошондуктан республика алар менен тыгыз кызматташарын Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алакунов айтты.