БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстанда чыгарылган макаронго чет өлкөлөрдө суроо-талап өсүүдө.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, быйыл январь-февраль айларында өлкө 848 тонна макарон экспорттогон. 2024-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 650 тоннага жеткен эмес.
Негизги сатып алуучулар төмөнкүдөй:
Өзбекстан — 419,7 тонна;
Казакстан — 229,3 тонна;
Россия — 115,2 тонна.
Ошондой эле Азербайжан, Монголия, Грузия жана Беларусь да кыргыз макаронун сатып алган (Беларусь, Россия, Казакстан жана Кыргызстан ЕАЭБге мүчө.)