БИШКЕК, 12-май — Sputnik. АКШнын Өкүлдөр палатасынын демократтардан шайланган мүчөсү Ричи Торрес президент Дональд Трамптын Катар падышасынан 400 миллион долларлык Boeing 747-8 учагын белекке алары тууралуу маалыматтан кийин иликтөө баштоону талап кылууда. Бул тууралуу Axios порталы жазды.
Кабарда Торрестин кат менен Эсеп палатасына, Коргоо министрлигинин башкы инспекторуна жана кызматтык этика боюнча башкармалыкка кайрылганы айтылат.
"400 миллион долларга бааланган "асмандагы кан сарай" чет мамлекет тартуу кылган эң кымбат белек болуп калат", — деп жазылган катта.
Өз кезегинде Трамп Катар падышасынын бере турган белегине демократтардын реакциясын сынга алды.
"40 жылдан бери колдонулуп келген Air Force One учагы эскирди. Аны убактылуу алмаштыра туруу үчүн Коргоо министрлиги ачык-айкын келишимдин негизинде Boeing 747ни белекке алмай болду. Демократтар ушунчалык түйшөлүп, учакты сатып алышыбызды талап кылып жатышат", — деп жазды Трамп Truth Social соцтармагына.
Буга чейин ABC телеканалы АКШ администрациясы Катардын падышасынан Boeing 747-8 учагын белекке алууга камынып жатканын кабарлаган. Маалыматта учак Трамптын бийликтеги мөөнөтү бүткүчө президенттик борттун милдетин аткарып, андан кийин президенттик китепкананын менчигине өтөрү айтылган. Пентагон үчүн Ак үй менен АКШ Юстиция министрлигинин адиси тарабынан жүргүзүлгөн атайын анализдин жыйынтыгында мындай белек мыйзам боюнча пара болуп эсептелбейт.