БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев скутер, мопед, жеке мобилдүү каражаттарды колдонуу боюнча мыйзам долбоорун даярдаганын кабарлады.
Анда эки дөңгөлөктүү унаа колдонгондорду жөө адам катары эсептеген норма алып салынганы айтылган.
Демилгедеги көзгө илинген учурлар:
аталган унаалардын ылдамдыгы саатына 50 чакырымдан, кыймылдаткычынын көлөмү 50 кубдан же кубаттуулугу 4 киловаттан ашса — милдеттүү түрдө каттоого алынат;
мопед, скутер жана жеңил электроскутерлерди колдонуу үчүн айдоочулук күбөлүктүн "АМ" категориясы киргизилет. Аны 14 жаштан баштап алса болот;
жеңил мотоциклдерге (кубаттуулугу 125 куб же 11 кВтка чейин) — А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк, 16 жаштан баштап берилет;
ал эми мотоциклдер үчүн — айдоочулук күбөлүктүн категориясы А болуп, ал 18 жаштан жогоруларга берилет.