Саламаттык сактоо министри президенттин тапшырмасын аткарганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги президенттин тапшырмалары аткарылгандыгын кабарлады.
Эске салсак, өлкө башчы 8-майда Республикалык диагностикалык борборго пландан тышкары барган. Аталган ооруканада үч бала чарчап калган. Мекемеге келген өлкө башчыга чет элдик дарыгерлер зарыл шарттар жок экенин айтышкан. Мындан кийин Садыр Жапаров Эркин Чечейбаевди ооруканага бир келип койбогону үчүн зекип, сөгүш берген.
Ведомство бул окуядан кийин төмөнкү иштер жасалганын кабарлады:
жандандыруу бөлүмүнө кошумча УЗИ аппараты орнотулду;
стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылды;
кошумча хирургиялык шаймандар, дары-дармектер алынды;
операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.
Жоокерлерге зомбулук көрсөтүлгөн. Президент ӨКМ башчысына катуу сөгүш берди