БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, президент Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге кол койгон.
Кечээ соцтармакта жоокерлерге зомбулук көрсөтүлүп жаткан видео тараган. Аскер прокуратурасы окуя ӨКМдин №86123 аскер бөлүгүндө болгонун кабарлап, иш козголгон. Анда зомбулукту офицер көрсөткөнү айтылган.