БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы 879 үй-бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйдөгү батирлердин ачкычын тапшырды.
Салтанаттын жүрүшүндө президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өлкө боюнча курулуп жаткан 60 миңден ашуун ипотекалык батирдин 11 204ү Жалал-Абадда экенин айтты.
"Бул — Кыргызстандын ипотекалык саясаты үчүн чыныгы тарыхый кадам. Буга чейин 2147 батир Бишкекте тапшырылган болсо, региондордо мындай масштабда биринчи жолу үй берилип жатат", — деди Туманбаев.
Белгилей кетүүчү жагдай, мамлекет башчы бүгүн эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барган.