Таласта эки унаанын кагышуусунан үч адам каза болуп, алты киши жаракат алган

Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Таласта эки унаа бет маңдайынан кагышып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык 5-майда Суусамыр — Талас — Тараз автожолунун Кара-Ой айылындагы бөлүгүндө болгон.
"Hyundai Santa Fe менен Honda Odyssey кагышып, үч адам каза таап, алтоо жаракат алды", — деп айтылат маалыматта.
Чүйдө адамды өлтүрө сүзүп чет жакка качып кеткен киши аэропорттон кармалды