Массалык башаламандык даярдоого шектелген дагы бир адам колго түшүрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Массалык башаламандык даярдоого шектелген дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты.
Милиция 44 жаштагы кишини камактагы Тилекмат Күрөңов менен байланыштырууда. Ал бийликти басып алуу максатында элди массалык башаламандыкка чакырган деп айыпталган.
Буга чейин тартип сакчылары эки шектүүнүн кармалганын айткан эле.
УКМК: башаламандык уюштуруп, төңкөрүш кылам дегендердин алдын алдык