Басып алынган Крымды 17-немец армиясынын аскерлери бербегенге аракет кылган. Алардын курамында румын аскерлери да болгон. Нацисттердин саны 200 миңге чукул эле.
1944-жылдын 8-апрелинде советтик жоокерлер Улуу Ата Мекендик согушта Крым чабуулун баштаган. Алар 15-16-апрелде Севастополго чыгып, ал эми 9-майга жакын шаарды толугу менен бошоткон. 12-майда Крымдагы баскынчылар түп-тамыры менен талкаланган.
Фашисттер адамзат даап бара албай турган иштерди качып баратканда жасаганга жетишкен. Эски Крымдын элин, тагыраагы, 590 аялды, балдарды, улгайгандарды 1944-жылдын 12-апрелинде кырып кетишкен.
Нацисттердин ою боюнча, Крым алардын колуна тийгенден кийин Готенланд колониясы болушу керек эле. Ал жакка германиялыктарды отурукташтырып, ал эми жергиликтүүлөрдүн көбүнүн көзүн тазалоону пландашкан. Готенланд деген жаңы ат менен Германиянын бөлүгү кылабыз деп ниеттенишкен.
Тарыхта Улуу Ата Мекендик согуш учурунда болгон Крымдагы утулуу гитлерчилер үчүн Сталинград салгылашуусуна тете жеңилүү болгону айтылып келет.