БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргызпатенттин базасында түзүлгөн эки министрликке жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Догдуркүл Кендирбаева
© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, агартуу министринин милдетин Догдуркүл Кендирбаева, ал эми илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин Бактияр Орозов аткарып турмакчы.
Бактияр Орозов
© Фото / пресс-служба МОиН КР
Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлигинин ордуна Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү боюнча жарлык чыккан. Биринчи ведомство мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды аткарса, экинчисине илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү функциялар жүктөлгөн.
Белгилей кетсек, Кендирбаева буга чейин билим берүү жана илим министри болуп келсе, Орозов юстиция министринин орун басарлыгын аркалап келген.
Жетекчилердин талапкерлигин эми Жогорку Кеңеш карайт.