XVII-XVIII кылымдарда Улуу Британиянын экономикасы дүркүрөп өсүп, дүйнөдө 1-орунга чыккан. Мындай өнүгүүнүн эки жолу болгон. Биринчиси, баскынчылык болсо, экинчиден, анын арты менен өндүрүшүн бекемдеген. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Британия дүйнөдөгү кургактыктын 25 пайызын басып алган.
"Британия учурунда дүйнөдөгү экономикасы эң күчтүү өлкөгө айланган. Ал үчүн аралда жайгашкан мамлекет флотун күчтөндүрүп, бул биринчиден, соода жүгүртүүдө ыңгайлуу болсо, экинчиден, аскердик флот башка мамлекеттерди дал ушул суу аркылуу барып, басып алып турган. Мындай жол менен басып алган мамлекеттердеги болгон байлыкты чыгарып кетүүгө аракет кылышкан. Өз өндүрүшүн таңуулап монополист болушкан. Эң башкысы, ал өлкөлөрдөн алтын, күмүш, асыл таштарды чыгарып кетишкен. Кызыгы, XVII-XVIII кылымдарда Англиянын ханышасы пираттык кылууга расмий уруксат берген. Башкача айтканда, ошол эле аскер флоту башка мамлекеттерге барып, баскынчылык менен тартып алган байлыктар Британияда легалдаштырылган. Албетте, бул баюунун кыска жолу болгон", — деди Мамытов.
Экономист тарыхта "күн батпаган өлкө" деп аталып калган Британиянын азыркы экономикасына да токтолду.
"Британия ушунчалык көп жерлерди басып алгандыктан кайсы бир жерде түн кирсе, башка өлкөдө күн чыгып турган. Мындан улам, анан да өзүнүн кубатын көрсөтүү максатында өздөрүн "күн батпаган өлкө" деп атап алышкан. Бирок азыр Британия экономикасынын андагы күчү жок. Бүгүнкү күндө экономисттер өлкө кубаттуулугу боюнча 10-орунга түшкөнүн жазып жатышат. Бул да чек эмес, алдыда дагы кризистер көп экени айтылууда. Мындан улам Британия мурдагы кубаттуулугун кайтарып ала албаса да, колунда калган нерсесин сактап калууга аракет кылып геосаясий, геоэкономикалык маселелерге жигердүү киришүүдө", — деди Мамытов.
Ал Улуу Британия өзүнүн ири держава макамын Экинчи дүйнөлүк согушта АКШдан ленд-лиз алуу менен жоготконун кошумчалады. Экономисттин айтуусунда, Американын ленд лизинин 65-70 пайызы дал ушул мамлекетке туура келет.