БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Аскер кызматкери Тажикстанга бодо мал ташыган аткезчилерди коштоп жүргөн деп кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү 28-апрелде Баткен облусунун Интернационал айылында колго түшүрүлгөн. Бардык материалдар Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнү айтылды.
Чекисттер шектүү Коргоо министрлигинин "Мурас" аскер бөлүгүндө кызмат өтөй турганын кабарлашты.