БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Америкалык аналитик Скотт Риттер X социалдык тармагына Франциянын президенти Эммануэль Макрон Киевде баңгизат колдонгондугун айтып, Батыш ЖМКлары буга үн катпаганын сындады.
Франция лидери түндө купеде Улуу Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер, Германия канцлери Фридрих Мерц менен сүйлөшүп отурган. Эшиктен башкалар кирип келгенде бир караган көзгө түшүнүксүз нерсени столдун үстүнөн ала коюп, катууга аракет кылганы байкалып калган. Интернеттегилер бул баңгизат болушу мүмкүн деп боолголоп жатышат.
"Эгерде Кошмо Штаттардын президентин кокаин салынган баштыкча жана аны жытташ үчүн колдонулган буюмдары менен көрүп калышса, Америкадагы жалпыга маалымдоо каражаттары кыйла элдин кыйырына таратып, жазып чыгышмак", — деп нааразы болгон Риттер.
Эксперт муну менен катар эле Макрондун бул чуулгандуу видеосунан кийин Батыштын бардык ЖМКлары үн катпагандыгын белгилеген.
"Европаны баңгизатка байланган, кокаин жыттаган бир ууч топ башкарарын баары түшүнүп турган сымал", — деп таңданган аналитик.
Ишемби күнү Макрондун окуясын Украинанын "Страна.ua" басылмасы байкаган. Маалыматта Франция президенти оператордон ушаланган кагазга же баштыкчага окшош нерсени жашырганга аракет кылганын белгилеген.