Күүлөнүп алып койгон тарифтер азайып... АКШ менен Кытай кепке келди

Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. АКШ Кытай товарларына койгон пошлинаны 145тен 30 пайызга, ал эми КЭР америкалыктарга карата бекиткен 125тик чегин 10 пайызга түшүрдү. Бул туурасында маалымат Кытайдын Коммерция министрлигинин сайтына чыккан.
10-11-майда тараптар Женева шаарында соода-экономикалык маселелер боюнча сүйлөшүү өткөргөн. Пекинден өлкөнүн вице-премьери Хэ Лифэн, Вашингтондон финансы министри Скотт Бессент келген.
АКШ төмөнкүлөрдү жасоого убада кылды:
Кытай өндүрүшүнөн чыккан товарларга апрелде коюлган пошлинанын 91 пайызын түшүрүү;
2-апрелде бекитилген 34 пайыздык тарифке түзөтүү киргизүү;
24 пайыздык салык алууну 90 күнгө токтотуп (Гонконг, Макаодон келген товарларды кошкондо), 10 пайыздыгын сактоо.
Кытай кылчу иштер:
Америкага жооп катары киргизилген салыктын 91 пайызын алып салуу;
24 пайыздык салыкты 90 күнгө токтотуу жана калган 10 пайыздык пошлинаны сактап калуу;
тарифке байланбаган башка чаралардан баш тартуу.
Эки тарап белгиленген милдеттерди кабыл алгандан кийин соода-экономикалык мамилелер боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн жол-жоболорун карап чыгары айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын бажы алымы соода кризисин жаратат. ДСУ менен Кытайдын билдирүүсү