“Бешикташта” тапталган бишкектик футболчу Автандил Дүйшөев

Sputnik
Автандил Дүйшөев кичине кезинен Бишкек шаарынын “Сан Сити” командасында футбол менен алектене баштаган. Көп узабай Түркиянын “Бешикташ” футболдук клубуна кабыл алынып, көп жыл аталган команданын академиясында тарбияланды. “Бешикташтын” жаштар командаларында жылдызы жанган Автандил негизги курамда да ойноого жетишти. Кийин Бириккен Араб Эмирлигинин “Аль-Вахда” командасында азырак ойноду. Азыр Жалал-Абаддын “Мурас Юнайтед” клубунун катарын толуктап, өлкө чемпиондугун мелжеп турган учуру.
“Стимул” программасында бала кезинен кыялдарды кубалап дүйнө кыдырып футбол ойноп жүргөн Автандил Дүйшөевдин баскан жолу тууралуу маектештик.