Юстиция министрлиги сот аткаруучулука жеке тараптарды да кызматка алууну сунуштаган мыйзам долбоорун даярдады. Коомдук талкууда турган долбоордо сот аткаруучулука жогорку билимдүү, атайын окутуудан өткөн жарандар тартылары жазылган. Министрлик бул кадам аталган тармактын жүгүн жеңилдетүү максатында сунушталып жатканын билдирет.
Сот аткаруучулардын учурдагы абалы кандай? Жеке менчик тарап бул кызматка тартылса эмне өзгөрөт? Коллекторлордон эмнеси менен айырмаланат? Кайсы өкүмдөрдү аткарууга тартылат?
Ушул жана башка суроолорубузга бүгүнкү уктурууда жооп алабыз.