Бишкектеги аттракциондор алты жылдан кийин техникалык көзөмөлдөн өтүүдө

Sputnik
2025-жылдын март айынын аягында борбордогу Панфилов паркындагы аттракциондордун бириндеги аттракциондо кырсык катталып, эс алуучу кыз катуу жаракат алып тез жардам менен ооруканага жаткырылган. Ушундан улам парк жабылып, аттракциондор текшерүүгө алынган. Буга чейин ишкерликти коргоо максатында коюлган мораторийден улам 2018-жылдан бери аттракциондор да текшерилген эмес. Быйыл 2025-жылы жалпы өлкөдөгү аттракциондор техникалык кароодон өттү.
Учурда Бишкекте Панфилов паркында гана аттракциондор бар. “Фламинго” жана Ата-Түрк паркы учурда оңдоо, куруу иштери жүрүүдө. Маектин жүрүшүндө экологиялык көзөмөл кызматынын өкүлү текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.