Жоокерлерге зомбулук көрсөтүлгөн. Президент ӨКМ башчысына катуу сөгүш бердиПутин Эрдоган менен Украина боюнча кепке келүү демилгесин талкууладыМинистрлер кабинети цементтин импортуна уруксат бердиАлдыда кененирээкМинистрлер кабинети цементтин импортуна коюлган чектөөнү алып салды. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. Маалыматка ылайык, чечим курулуш рыногундагы бааны турукташтыруу үчүн кабыл алынган. Цементти тыштан ташып келүүгө 31-мартта жарым жылдык тыюу салынган болчу. Анда бийлик бул чара ички рынокту коргоо жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү максатында кабыл алынганын билдирген. Импортко уруксат цемент тартыш болуп, бир кабы 380 сомдон 600 сомго чейин көтөрүлгөн учурда берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, президент Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге кол койгон. Кечээ соцтармакта жоокерлерге зомбулук көрсөтүлүп жаткан видео тараган. Аскер прокуратурасы окуя ӨКМдин №86123 аскер бөлүгүндө болгонун кабарлап, иш козголгон. Анда зомбулукту офицер көрсөткөнү айтылган.
Россия жана Түркиянын президенттери Владимир Путин, Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлден кабарлашты. Мамлекеттердин башчылары Путин сунуштаган россия-украин түз сүйлөшүүлөрүнүн жаңыланышын талкуулаган. Аны 15-майда өткөрүү пландалууда. "Эрдоган Россиянын сунушун толук колдоду жана Стамбулду сүйлөшүүлөр үчүн аянтча катары берүүгө даяр экенин белгиледи. Түрк тарап туруктуу тынчтыкка жетүү максаты коюлган сүйлөшүүлөрдү уюштурууга жана өткөрүүгө бардык мүмкүн болгон жардамды көрсөтөт", — деп айтылат билдирүүдө. Лидерлер ошондой эле соода-инвестициялык байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө, анын ичинен энергетика тармагындагы стратегиялык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгууларын билдиришкен.
Америкалык аналитик Скотт Риттер X социалдык тармагына Франциянын президенти Эммануэль Макрон Киевде баңгизат колдонгондугун айтып, Батыш ЖМКлары буга үн катпаганын сындады. Франция лидери түндө купеде Улуу Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер, Германия канцлери Фридрих Мерц менен сүйлөшүп отурган. Эшиктен башкалар кирип келгенде бир караган көзгө түшүнүксүз нерсени столдун үстүнөн ала коюп, катууга аракет кылганы байкалып калган. Интернеттегилер бул баңгизат болушу мүмкүн деп боолголоп жатышат."Эгерде Кошмо Штаттардын президентин кокаин салынган баштыкча жана аны жытташ үчүн колдонулган буюмдары менен көрүп калышса, Америкадагы жалпыга маалымдоо каражаттары кыйла элдин кыйырына таратып, жазып чыгышмак", — деп нааразы болгон Риттер. Эксперт муну менен катар эле Макрондун бул чуулгандуу видеосунан кийин Батыштын бардык ЖМКлары үн катпагандыгын белгилеген. "Европаны баңгизатка байланган, кокаин жыттаган бир ууч топ башкарарын баары түшүнүп турган сымал", — деп таңданган аналитик. Ишемби күнү Макрондун окуясын Украинанын "Страна.ua" басылмасы байкаган. Маалыматта Франция президенти оператордон ушаланган кагазга же баштыкчага окшош нерсени жашырганга аракет кылганын белгилеген.