Псориаз оорусу тыкыр сакайтуу мүмкүн эмес. Териге кам көрүү

Sputnik
Жаз келип,адам терисине башкача кам көрүүнү баштайт. Негизи эле көп маани бербегенибиз менен тери ооруларынын да саны барган сайын көбөйүүдө. Алардын катарында псориаз, экземага окшогон оорулар бар. Псориаз бул тукум кууй турган оору экенин жана аны тыкыр дарылоого мүмкүн эмес экенин венеролог билдирди. Айдана Талантбек кызы «Күн Башат» программасында бир катар оорулардын табияты жана балдарга бетке кам көрүүнү үйрөтүү, оорунун себептери тууралуу айтып берди.