БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Владимир Зеленскийдин Россия лидери Владимир Путиндин ок атышпоо боюнча түз сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушуна койгон шартына РФ ТИМИ жооп кылды.
"Биз Россия ок атышууну токтотууну 12-майдан тарта толук, туруктуу жана ишенимдүү ырастайт деп күтөбүз жана Украина жолугушууга даяр", — деп жазган Зеленский Telegram каналына.
Кечээ Путин Киевге 15-майда Стамбулда түз сүйлөшүүлөрдү эч кандай алдын ала шарттарсыз эле жаңылоону сунуштап, ким чындыгында эле тынчтыктын орношун каалап жатса, муну колдобой кое албай турганын кошумчалаган.
Зеленскийдин билдирүүсүнөн кийин Россиянын ТИМи үн катты. Аталган ведомствонун расмий өкүлү Мария Захарова Киев бийлигинин айткандары алар Путиндин билдирүүсүнүн маңызын терең түшүнбөй калганын көрсөтүп турганын белгилеген.
"Украинанын реакциясына караганда, алар Россия президентинин билдирүүсүнүн стенограммасын жакшы окуган эмес. Путин алгач анын баштапкы себептери тууралуу сүйлөшүү, андан кийин ок атышууну токтотуу жөнүндө сүйлөшсө болот деп даана, так айткан", — деген Захарова РИА Новостиге.
Теги: