Капитан Ерминингельд Трясин
Ал 1911-жылы 2-ноябрда Верный шаарында (азыркы Алматы, Казакстан) кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. 1930-жылы 10-классты аяктаган соң "Чүй строй" (Кыргыз ССРи), трестинин изилдөө отрядына жумушчу болуп кирет да, кийин инженерликти аркалайт.
1933-1934-жылдары Кызыл Армияны катарында кызмат өтөйт. Трясин 1941-жылы армияга экинчи ирет чакырылат, ал эми 1942-жылдын февралынан тарта согушка кирет. 1-Украина фронтунун 13-армиясынын башкы командачылыгынын запастагы 1-гвардиялык артиллериялык дивизиясынын 16-оор миномёттор бригадасынын батарея командири болгон.
Одер дарыясынан кечкенде каармандыгы менен айырмаланган. 1945-жылы январда Штейнау шаарынын (Германия) жанынан алдыңкы бөлүктөр менен бирге суудан өтөт. Душмандын контрчабуулунун мизин кайтарууда жана кечип баратканда батареянын ишин жөндөп турган. Капитан Одердин сол жээгине минометтук батареяны өткөрүп, плацдармды кеңейтүү үчүн болгон согушка жигердүү катышкан.
1945-жылы 10-апрелде СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн Ерминингельд Трясинге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кыл жылдары II даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана бир катар медалдар менен сыйланган.
1946-жылы Трясин Кыргызстанга кайтып келип, Фрунзе шаарында жашаган. Сугат системасындагы жетекчилик кызматтарда иштеген. 1982-жылы 5-ноябрда каза болуп, Токмок шаарында жерге берилген.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.