Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Улуу күн". Трамп Путиндин Украина боюнча сүйлөшүү сунушунан кийин үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин Украина менен түз сүйлөшүү жүргүзүү сунушу Москва жана Киев үчүн улуу күн болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына жазганын РИА Новости билдирди.

"Россия жана Украина үчүн улуу күн. Бүтпөгөн кандуу согуш аягына чыкса жүз миңдеген өмүр соолубай аман каларын ойлоп көрүңүз. Бул таптакыр жаңы жана алда канча жакшы дүйнө болот. Ал үчүн эки тарап менен тең иштешүүнү улантам. Өз кезегинде АКШ кайра калыбына келтирүүгө жана соодага басым жасагысы келет. Алдыда бизди олуттуу апта күтүп жатат", — деп жазган Ак үйдүн башчысы.

Кечээ Владимир Путин Киевге келерки бейшембиде, 15-майда, мурда өткөрүлүп, бирок үзүлүп калган жерде — Стамбулда түз сүйлөшүүлөрдү эч кандай алдын ала шарттарсыз эле жаңылоону сунуштады.
Россия президенти ким чындыгында эле тынчтыктын орношун каалап жатса, муну колдобой кое албай турганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Вэнс АКШ Украина боюнча сүйлөшүүлөрдөн кандай учурда чыгарын айтты