Жапаров таштанды полигонуна барып, декабрда бүтчү заводдун курулушун көрдү

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкектеги таштанды полигонуна барып, калдыктарды кайра иштете турган заводдун курулуш көрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка ылайык, завод ушул жылдын декабрында ишке киргизилет.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги таштанды полигонуна барып, калдыктарды кайра иштете турган заводдун курулуш көрдү

2 / 2

Маалыматка ылайык, завод ушул жылдын декабрында ишке киргизилет

Президентке бул долбоорду ишке ашыруу таштандыларды кайра иштетүү көйгөйүн чечип, кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздай турганын айтып беришкен. Бишкек мэриясынын билдирүүсү боюнча, Борбор Азия аймагында мындай ишкана жок. Завод суткасына 1000 тонна акыр-чикирди кайра иштетет, келечекте анын көлөмүн 3000ге жеткирүү пландалган. Заводдун кубаттуулугу саатына — 30 МВт.
"Жапаров курулуштун мөөнөтүн, аткарылган иштердин сапатын жана экологиялык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгын айтты. Ошондой эле долбоорду жүзөгө ашыруу борбор калааны туруктуу өнүктүрүүгө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болорун белгиледи", – деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров таштанды чогултту. Ишембиликке чыккан президенттин кайрылуусу