БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Россия жана Түркиянын президенттери Владимир Путин, Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлден кабарлашты.
Мамлекеттердин башчылары Путин сунуштаган россия-украин түз сүйлөшүүлөрүнүн жаңыланышын талкуулаган. Аны 15-майда өткөрүү пландалууда.
"Эрдоган Россиянын сунушун толук колдоду жана Стамбулду сүйлөшүүлөр үчүн аянтча катары берүүгө даяр экенин белгиледи. Түрк тарап туруктуу тынчтыкка жетүү максаты коюлган сүйлөшүүлөрдү уюштурууга жана өткөрүүгө бардык мүмкүн болгон жардамды көрсөтөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Лидерлер ошондой эле соода-инвестициялык байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө, анын ичинен энергетика тармагындагы стратегиялык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгууларын билдиришкен.