Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Москвадагы Жеңиш парадына катышкан улуттук гвардиячылар кайтып келишти. Видео

Москва шаарында Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышкан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик тобу өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы парадда өздөрүн татыктуу көрсөтүп, парад командачылыгынын кызмат адамдарынан да, аскердик-саясий жетекчиликтен да оң баа алышкан.
Аскерлерди Улуттук гвардиянын кол башчысы, гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов жана аскер кызматкерлери тосуп алган.
Ал жоокерлерди парадга ийгиликтүү катышкандыгы менен куттуктап, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн мыкты аскер бөлүктөрүнүн бири экенин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан алар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн жогорку аскердик чеберчиликте, татыктуу көрсөткөнүнө күбө болгонун кошумчалаган.
Кызыл аянтта параддан өткөн жоокерлер бул катардагы эле иштерден айырмаланганын, ары жоопкерчилик, ары сыймык экенине токтолушту.
"Биз үчүн Москва шаарындагы парадга катышуу – бул өтө чоң сыймык, милдет. Анткени Кыргызстандын желегин желбиретип Кызыл аянттан өтүү жоопкерчилик дагы, сыймык дагы экен", — деди гвардиянын капитаны Ноорузбек Насирдинов.
Мындай милдетти аткарган аскерлердин дагы бири машыгуулар тууралуу айткан.
"Гарнизондук машыгуулар, чет өлкөлүк аскерлер менен машыгуулар мыкты болду. Параддагы бардык тапшырмаларды туура жана так аткардык", — деди гвардиянын катардагы жоокери Жылдызбек уулу Сыймыкбай.
Мындан тышкары, гвардиячылар Беларустун Минск шаарында өткөн Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына арналган аскердик парадга катышкан аскер кызматкерлерин да тосуп алышкан.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Кыргызстанда 1-июлдан тартып аскер кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт