FIFA президенти Ташиевди, Кыргыз футбол союзун куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. FIFA президенти Жанни Инфантино УКМК төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевди, Кыргыз футбол союзун өлкөдө FIFA Arena кичи футбол стадионунун ачылышы менен куттуктады.
"Футбол ойногонду кыялданган балдар-кыздар эми баарыбыз сүйгөн оюнду үйрөнүү, өсүү жана ойноо үчүн коопсуз жайга ээ болот", — деген Инфантино
Ал Кыргызстан мындай аянтча ачылган алгачкы 11 өлкөнүн бири болгонун айтып, бул миңдеген балдардын жашоосун өзгөртүп, өлкөдөгү футболдун өнүгүшүн бекемдей турган кадам экенин белгилеген.
Кыргыз футбол биримдиги бул долбоордун алкагында Бишкекте №91 жана №60 орто мектептерине кичи фубол аянтчалары курулганын, №91 мектептеги футбол стадиону ачылганын билдирди.
Караколдогу “Барс” клубунун стадиону 23-майда ачылат