Асел Байбагышева эң бийик чоку Эверестке чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандык альпинист Асел Байбагышева Эверест чокусуна чыкты. Бул тууралуу маалыматты Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов тастыктады.
Ал Байбагышева аталган чокуну багындырган биринчи кыргызстандык айым экенин билдирди.
Альпинист, ишкер Кадыр Сайдилкандын маалыматы боюнча, Байбагышева чокуга бүгүн эртең менен саат 9:15те жетип, Кыргызстандын желегин желбиреткен.
"Негизги жатактан 9-майда саат 3:00дө чыгып, чокуга чейин рекорддук убакытта – эки күндө Кыргыз желегин аалам чокусунда желбиретип, кыргыз айымынын изин Эверестте калтырды. Бул экспедициянын миссиясы – кыргызстандык аялдар жана бүткүл кыргыз элин тайманбай кыялданууга, өзүнө ишенүүгө жана бийик максаттарга умтулууга шыктандыруу", – деп жазган Сайдилкан.
1997-жылы мекендештердин арасынан алгачкылардан болуп Дмитрий Греков Эверестти багындырса, чокуга 2021-жылы Эдуард Кубатов, 2023-жылы Кадыр Сайдилкан чыккан. 2024-жылы эң бийик чокуда Кыргызстандын желегин УТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков желбиреткен.
Кыргызстандык альпинисттер Африканын эң бийик чокусун багындырды. Видео