БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандык Эрлан Султангазиев каноэ жана байдарка менен сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Спорттук мелдеш Кытайдын Наньчан шаарында өтүп, ага 19 өлкөнүн спортчулары катышкан.
Өлкөнүн Кайык менен сүзүү федерациясы Султангазиев 200 метр аралыкта кайыкта жалгыз сүзүү боюнча (К-1) 1-орунду багындырганын белгилеген.
"Эрлан Султангазиевдин жеңиши Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери чоңдор арасындагы Азия чемпионатында биринчи алтын медаль болду", — деп жазган федерация.