12-майга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. 12-май, дүйшөмбүдө, республиканын көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас жергесинде +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +18...+23, Нарын өрөөнүндө +17...+22 градус болот.
Термометр борбор калаада +27…+29, Ош шаарында +28...+30 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы 34 градуска жетет! Май айына карата аба ырайы