Улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген блогер үй камагына чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген блогер Айтилек Орозбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан кабарлашты.
Шектүү 6-майда кармалып, тергөөдө ал 50дөн ашык мекемени өзү билемдик менен текшерип, бир тараптуу жыйынтык чыгарганы аныкталганы айтылган.
Бул иш боюнча Чүй ОИИБдин тергөөчүсү Орозбековду камакка алуу өтүнүчү менен кайрылган.

“Тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган жок. О.А.О. үй камагына чыгарылды”, — деп жазылган соттун маалыматында.

Тилекмат Күрөңовдун бөгөт чарасы тандалды