Ким Чен Ын Батыш Россияга чабуул жасаса Түндүк Корея жардам берерин убадалады

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. КЭДР лидери Ким Чен Ын эгер Батыш Россияга чабуул жасаса жардам берүүгө убада берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал Американын тарапташтары Россияга чабуул жасоо ойлорунан баш тартпаса Пхеньян тарабынан жооп болорун эскертти.
"Корея-Россия келишимине ылайык, душмандардын чабуулун кайтаруу үчүн эч тартынбастан КЭДР куралдуу күчтөрүн колдонуу буйругун берем", — деди ал.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов 26-апрелде президент Владимир Путинге отчет бергенде Түндүк Кореянын Курск облусунда украин аскерлерин талкалоодо көрсөткөн жардамын өзгөчө белгиледи. Путин кореялык жоокерлерге, Ким Чен Ынга жана корей элине ыраазычылык билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык адис: Кызыл аянттагы парад Украина жеңишке жетпей турганын далилдеди