Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык адис: Кызыл аянттагы парад Украина жеңишке жетпей турганын далилдеди

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. 9-май күнү Москвада өткөн парад Россиянын кубатын көрсөтүп, Украина жеңишке үмүт артпай эле койсо болорун далилдеди. Бул тууралуу АКШ армиясынын ардагер подполковниги Дэниел Дэвис билдиргенин РИА Новости жазды.
“Параддын бир азын көргөндө эле түшүнүктүү болду. Бул — кубаттуулуктун образы. Украин тарап менен салыштырсак, алардын күчүн далилдеген эч нерсе жок”, — деди Дэвис.
Анын айтымында, Украинанын жеңилери Киев режиминен башкаларга эбак эле айкын болгон. Бир гана Зеленский жок нерсени эңсеп, ар нерсени айтып жүрөт.
Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад 9-майда Кызыл аянтта өттү. Анда биринчи жолу дрондук полктун техникасы, анын ичинде “Орлан-10”, “Орлан-30”, Zala учкучсуз аппараттары көрсөтүлдү.
Жалпысынан парадга 11,5 миң аскер кызматкери катышты. Ошондой эле Т-72Б3М, Т-80БВМ, Т-90М танкалары, С-400 зениттик-ракеталык комплекстери, “Торнадо-С” реактивдүү системалары, “Ярс” ракеталык комплекстери, “Герань” жана “Ланцет” дрондору көрсөтүлдү.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Путин Россия союздаштардын Жеңишке кошкон салымын баалай турганын айтты