Гвардиянын сержанты Павел Свечников
Ал 1926-жылы 9-январда Акмоло губерниясынын Коновалов кыштагында (азыр Коноваловка айылы, Түндүк Казакстан облусу) дыйкандын бүлөсүндө туулган. 1932-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе облусундагы Кызыл-Туу айылына көчүп келишет.
Жетинчи классты аяктагандан кийин 1943-жылы армияга чакырылат. Воронеж фронтундагы (1943-ж. октябрынан тарта 1-Украин фронту) 47-армиянын 317-танкага каршы истребителдик артиллериялык полктун наводчиги, андан кийин аткычтардын командири болот. Днепрден өтүп баратканда каармандыгын көрсөткөн. 1943-жылы Свечниковдун бригадасы Украинанын Черкас облусуна караштуу Студенец айылынын жанынан дарыядан өтүп, батыш жээктеги плацдарм үчүн айыгыша салгылашат. Бул кармашта кыргызстандык жоокер душмандын төрт танкасын жалгыз өзү жок кылып, ок жааган бир нече уюктун "жаагын баскан".
1943-жылы 24-декабрда СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн Павел Свечниковго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Кийин Кызыл Туу, II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланат.
Сержант баатырлык наамга кошуп берилчү Ленин ордени менен Алтын жылдыз медалын, тилекке каршы, алганга жетишпей калган. 1944-жылы 16-январда алган жаракатынан улам талаа госпиталында жатып көз жумат. Баатырдын сөөгү Киев облусундагы Ставище кыштагына коюлган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.