Кыргызстандан барган чоң энелер Дубайдагы бий сынагын жеңди

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандык чоң энелер Дубайда өткөн International Dubai Arts Festival бий сынагында Гран-прини утуп алды. Бул тууралуу Балет федерациясы кабарлады.
Конкурска 12 аял барган. Улуусу 79, кичүүсү 42 жашта экени айтылат.
1 / 2

Кыргызстандык чоң энелер Дубайда өткөн International Dubai Arts Festival бий сынагында Гран-прини утуп алды

2 / 2

Конкурска 12 аял барган. Улуусу 79, кичүүсү 42 жашта экени айтылат.

"Кыргызстандан барган чоң энелердин бийи көрүүчүлөр менен жюрилерди суктантты. Алар фестивалды көркүнө чыгара алды", — деп билдирди федерация.
Сынакка Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын бий топтору да катышкан.
"Интервидение — 2025" эл аралык музыкалык сынагына "Номад" триосу катышат