БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев арыктарды тазалап, сугат сууну үнөмдөөгө чакырды.
Анын айтымында, ысыкта дыйкандар сууну үнөмдөсө гана тартыштык жаралбай, баарына жетет.
“Сугатты салкында жүргүзгөн кыйла натыйжалуу. Жерди сугарып бүткөндө мурабга айтып, сууну кезекте турганга өткөрүп берүү абзел. Өсүмдүккө жетиштүү көлөмдө гана суу бериңиздер, ашыкчасы өсүмдүккө да, топуракка да зыян. Ошондой эле арыктан агып жаткан ашыкча, коромжу сууларды бекемдөө, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу сууну үнөмдөөгө өбөлгө түзөт”, — деген Төрөбаев.
Ошондой эле ал суунун тартышытыгы жаралбашы үчүн акимдерге, айыл өкмөттөргө арыктарды тазалоо тапшырылганын, кайдыгер мамиле жасагандар жоопко тартыларын эскерткен.