Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Байсалов Жеңиш күнү "Русский домго" барып, ишин жогору баалады

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектеги илим жана маданият борборуна ("Русский дом") барды. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектеги илим жана маданият борборуна ("Русский дом") барды

2 / 2

Байсалов борбор тарабынан уюштурулган иш-чараларага катышып, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты талкуулады. Ошондой эле ал шаардыктарды Жеңиш күнү менен куттуктап, борбордун ишине жогорку баасын берди.

Маалыматка ылайык, Байсалов борбор тарабынан уюштурулган иш-чараларага катышып, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты талкуулады. Ошондой эле ал шаардыктарды Жеңиш күнү менен куттуктап, борбордун ишине жогорку баасын берди.

"Россиялык кесиптештерибиз менен кызматташууга ар дайым даярбыз. Бул жердеги иш-чаралар да мыкты уюштурулуп, бул биздин жалпы майрам экенин көрсөттү", — деди Эдил Байсалов.

Борбордун жетекчиси Альберт Зульхарнеев профилдик мекемелердин колдоосу менен бир катар акциялар ийгиликтүү өткөнүн айтып, кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
Пресс-борбор
Зульхарнеев: Евразияда тынчтык орнотууда кыргызстандык аялдардын салымы чоң