БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачёва ата-энелерге өтүнүч менен кайрылды.
Ал "Ала-Тоо" аянтындагы фонтанга балдар түшкөн учурлар бар экенин, бул коомдук тартипти гана бузбастан, өмүргө коркунуч жаратарын эскертти.
"Фонтандын жарыктары менен насостору электр тогу менен иштейт. Андыктан сууга түшкөнгө болбойт", — деген Мозгачева.
Былтыр аянтта газдын жардамы менен иштеген оттуу фонтандар ачылган.