Пентагон аскерлерди тандоодо гендердик жана рассалык квоталардан баш тартты

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Пентагон аскерлерди тандоодо гендердик жана расалык квоталардан баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, эми АКШнын элиталык аскердик окуу жайларына (MSA) кабыл алуу талапкердин жетишкендиктерине жана эмгектерине жараша жүргүзүлөт.

“Мындан ары кабыл алуу толугу менен жетишкендиктерге жараша болот. Раса, улут же жыныс эсепке алынбайт. Биздин офицерлер — мыктынын мыктысы болот”, — деп жазды коргоо министри Пит Хегсет Х социалдык тармагына, меморандумдун сүрөтүн да жарыялап.

Документке ылайык, 2026-жылкы кабыл алуу үчүн баалоо критерийлери кайра каралып чыгып, талапкерлердин спорттогу ийгиликтери, мурдагы аскердик кызматы жана академияга даярдоочу мектептеги окуусундагы жетишкендиктери эске алынат.
Бул чечим 29-январда Хегсет жарыялаган “АКШнын аскердик күчүн калыбына келтирүү” меморандумунун алкагында кабыл алынды. Максаты — Коргоо министрлигиндеги ар түрдүүлүк, теңдик жана инклюзивдүүлүк (DEI) саясатын токтотуу.
Трамп жашы жете электердин жынысын өзгөртүүгө акча бөлүүнү токтотту