БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөгө Москвага келген чет элдик делегациялардын башчылары менен сүйлөштү.
Негизгилери:
фашизмди талкалоодо Советтер Союзу чечүүчү ролду ойногон. Бул тарыхый чындыкты эч ким бурмалап же жокко чыгара албайт;
бүгүнкү күндө адилеттүү дүйнөлүк тартиптин калыптануу шартында БУУнун талабы жана мааниси өсүп жатат;
биз адилеттикти жана теңчиликти, достук менен жакшы коңшулаштыктын бийик деңгээлин бекитүүнү, ынтымакты, коопсуздукту сактоону жактайбыз;
биз эл аралык коомчулукту азыркы замандын курч көйгөйлөрүн чечүүдө тилектештикти көрсөтүүгө жана муундардын келечеги үчүн жалпы жоопкерчиликти алууга чакырабыз.