Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Москвадагы параддан Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери өттү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Москвадагы Кызыл аянтта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы басып өттү.
Россиянын борборунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад өтүүдө.
Сапты полковник Нурбек Дүйшөнбаев жетектеди. Президент Садыр Жапаров аларга ордунан туруп колдоо көрсөттү.
Эске салсак, Улуттук гвардиянын аскерлери быйыл Москва жана Минскидеги параддарга катышары айтылган.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Жапаров: аталарыбыз Европа жана Азия элдерине эркиндик, эгемендик тартуулаган